Филиппин Кытайга таандык кеменин иштерин "мыйзамсыз жана чагымчыл" деп мүнөздөдү

Филиппин талаш - артыштуу  Түштүк Кытай деңизине жакын   сууларда Кытайга таандык  "гигант кеменин" иштерин "мыйзамсыз жана чагымчыл" деп мүнөздөп, Кытайдын Филиппин сууларында болушуна карата "каршылыгын токтотпой турганын" билдирди.

2230303

Филиппин маалымат агенттигинин (PNA) билдиргенине караганда, Улуттук коопсуздук кеңешинин генералдык директорунун орун басары Жонатан Малайя пресс  - жыйынында өлкөнүн Замбалес провинциясынын жээгиндеги  Өзгөчө экономикалык аймагындагы Кытайга таандык "гигант кеменин" аткарган ишине  байланыштуу маалымат берди. 

Малайя Кытай деңиз күчтөрүнүн «мыйзамсыз иштерине көз жумбай тургандарын» жана Филиппин Жээк коопсуздук кызматынын (PCG) кемелери жана учактары менен талаш - тартыштуу сууларга жакын аймактагы кемени көзөмөлдөп жаткандыгын айтты.

 Улуттук деңиз кеңешинин  Кытай өкмөтүнөн бул кеменинин чыгышын талап кылгандыгын белгилеген Малайя : " Анткени бул гигант кеме биздин аймактык сууларда мыйзамсыз жүргөт», - деди.

Малайя Кытайдын кемесинин аймакта болуу максаты  филиппиндик балыкчыларды "коркутуп, аларды турмуш булагынан ажыратуу" экенин, мында ийгиликтүү боло албай тургандыгын айтты. 
Кытайдын иш-аракетин «провокациялык» деп мүнөздөгөн Малайя : "Кытайдын Филиппин сууларында болушуна каршы чыгууну токтотпойбуз",- деди.

Филиппин басма сөзүндө Кытайга таандык бул  кеменин 4-январдан бери аймакта экендиги белгиленген.

Тектеш кабарлар