Бразилияда мектептерде телефонго тыюу салуу

Лула да Силва темага байланыштуу билдирүү жасады.

2230119
Бразилияда мектептерде телефонго тыюу салуу

Бразилиянын президенти Луис Инасиу Лула да Силва Конгрессте кабыл алынган, башталгыч жана орто мектептерде уюлдук телефондорду колдонууга тыюу салган мыйзамды бекитти.
Мыйзам күчүнө киргенден кийин сабакта да, тыныгууда да уюлдук телефон колдонууга тыюу салынат.

Лула да Силва темага байланыштуу билдирүүсүндө, мыйзамдын сөзсүз зарыл экенин жана ушуга окшош практиканын башка өлкөлөрдө да ишке ашырылганын айтты.

Кызматка киришкен күндөн бери өткөргөн жыйындарда министрлерге жана берки жетекчилерге телефон колдонбоону эскерткенин белгилеген Лула да Силва, уюлдук телефондордун алаксытуу экенин билдирди.

Жаңы жобого ылайык, мектептерде уюлдук телефондорду педагогикалык максатта жана мугалимдердин көзөмөлүндө гана колдонууга болот.

Балдар менен жаштардын ден соолугуна жана окуусуна тийгизген терс таасирин эске алып, башталгыч жана орто мектептерде уюлдук телефондорду колдонууга тыюу салган жобо 20-декабрда Конгрессте кабыл алынган.

Октябрда Locomotiva институту жана QuestionPro жүргүзгөн сурамжылоого ылайык, бразилиялык ата-энелердин 82 пайызы мектептерде уюлдук телефондорго тыюу салууну колдошкон.



Тектеш кабарлар