Японияда жер титиреди

Күчү 6,9 баллга жеткен жер титирөө 30 чакырым тереңдикте катталды.

2229972
Японияда жер титиреди

Япониянын түштүк-батышындагы Миядзаки облусунун жээгинде күчү 6,9 баллга жеткен жер титирөө болду.

Япониянын метеорологиялык агенттигинин (JMA) маалыматына караганда, Миядзаки жээгинде жергиликтүү убакыт боюнча саат 21.19да болгон күчү 6,9 баллга жеткен жер титирөө 30 чакырым тереңдикте катталды.

Америка Кошмо Штаттарынын Геологиялык изилдөөлөр кызматы (USGS) жер титирөөнүн күчү 6,8 баллга жеткенин жарыялады.

NHK мамлекеттик телеканалы, жер титирөөдөн кийин Миядзаки жана Кочи облустарынын жээктерине "ири толкун" эскертүүсү берилгенин билдирди.

Расмий Киодо кабар агенттигинин маалыматына караганда, жер титирөө Миядзаки жайгашкан түштүктөгү Кюсю аймагындагы облустарда да сезилди.



Тектеш кабарлар