Газада каза болгондордун саны

Израилдин Газага 465 күндөн бери улантып жаткан кол салууларына байланыштуу маалымат берилди.

2229857
Газада каза болгондордун саны

Израилдин кол салууларына дуушар болгон Газада каза тапкандардын саны 46 миң 584кө жетти.

Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Газадагы билдирүүсүндө, Израилдин Газа тилкесинде 465 күндөн бери улантып жаткан кол салууларына байланыштуу маалымат берилди.

Билдирүүдө Израиль армиясынын акыркы 24 саатта Газа тилкесинин ар кайсы аймактарындагы «эки кыргында» 19 кишинин каза болгону, 71 кишинин жараланганы белгиленди.

Израилдин 2023-жылдын 7-октябрынан бери Газа тилкесине жасаган кол салууларында каза болгондордун саны 46 миң 584кө, жаракат алгандардын саны 109 миң 731ге жеткени кабарланды.

Билдирүүдө урандылардын астында жана жол жээгинде дагы деле жансыз денелердин бар экени, бирок Израиль күчтөрүнүн тоскоолдуктарынан улам медициналык топтор менен жарандык коргонуу өкүлдөрүнүн бул сөөктөргө жете албаганы кайталанды.



Тектеш кабарлар