Ганада холера эпидемиясы
Эпидемияда каза болгондордун санынын 40ка жеткени кабарланды.

Батыш Африка өлкөсү Ганада холера оорусунан каза болгондордун саны 40ка жетти.
Гананын Саламаттыкты сактоо кызматынын (GHS) жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, холера эпидемиясынын 2024-жылдын октябрь айынан бери өлкөнүн беш облусуна жайылышын улантканы айтылды.
Билдирүүдө бул облустарда 4850 шектүү холера учурунун каталганы, эпидемияда каза болгондордун санынын 40ка жеткени кабарланды.
Өкмөттүн эпидемияга каршы эмдөө акцияларын улантканы баса белгиленген билдирүүдө, борбор шаар Аккрада эпидемиядан улам 41 кишинин дарыланып жатканы маалымдалды.
Тамак-аш жана суу аркылуу жугуучу «вибрио» бактерияларынан пайда болгон холера диареяга жана ошону менен организмде суусузданууга алып келет. Дарыланбаса оору өлүмгө алып келиши мүмкүн.
Тектеш кабарлар

Илхам Алиев Сириянын президенти Шараны куттуктады
Азербайжандын президенттигинен берилген маалыматка караганда Алиев Шарага билдирүү жөнөттү.