БУУнун Сирия элине колдоосу

Бириккен Улуттар Уюмунун Сирия боюнча атайын өкүлү Гейр Педерсен Сауд Арабиянын борбор шаары Эр-Риядда өткөрүлгөн Сирия жыйынына байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүү жасады.

2229786
БУУнун Сирия элине колдоосу

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Башар Асад режими кулатылгандан кийин өткөөл процессинде болгон Сириянын кыйынчылыктар менен күрөшүүсүнө колдоо көрсөтүүгө даяр экенин дагы бир жолу билдирди.  

Бириккен Улуттар Уюмунун Сирия боюнча атайын өкүлү Гейр Педерсен Сауд Арабиянын борбор шаары Эр-Риядда өткөрүлгөн Сирия жыйынына байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүү жасады.

Сауд Арабиянын тышкы иштер министри Фейсал бин Ферхандын чакыруусу менен Эр-Рияддагы жыйынга катышканын айткан Педерсен, бул жерде Сирия калкына күчтүү колдоо билдирүүсүн жана ушул критикалык мезгилде Сириядагы убактылуу өкмөт өкүлдөрүнө жардам берүү каалоосун кубаттаганын маалымдады.

Педерсен жыйында, сириялыктар жетектеген кеңири жана ишенимдүү өткөөл мезгилдин зарылдыгын, Сирия элинин бул өткөөл мезгилди тынчтык жолу менен башкаруусу жана өз өлкөсүн кайра куруу үчүн чыныгы эл аралык милдеттенмеге басым жасалганын белгилеп: «БУУнун Сирияны жана элин бул тарыхый мүмкүнчүлүктү пайдаланып, кыйынчылыктарга каршы күрөшүүдө колдоо көрсөтүүгө даяр экенин ырастадым»,-деди.



Тектеш кабарлар