Зеленский союздаш өлкөлөрдөн ракетага лицензия сурады
Зеленский өзүнүн социалдык медиа баракчасынан жасаган билдирүүсүндө орус армиясынын өлкөсүнө абадан сокку уруусун улантып жатканын айтты.

Украинанын президенти Владимир Зеленский АКШдан жана башка союздаш өлкөлөрдөн абадан коргонуу системаларын жана ракеталарды чыгарууга лицензия сурады.
Зеленский өзүнүн социалдык медиа баракчасынан жасаган билдирүүсүндө орус армиясынын өлкөсүнө абадан сокку уруусун улантып жатканын айтты.
Акыркы жумада эле Украинага кол салууларда болжол менен 700 бомба жана 600дөн ашуун учкучсуз учуучу аппарат колдонулганын белгилеген Зеленский, орус армиясынын абадагы артыкчылыгын пайдаланып чабуулдарын улантып жатканын айтты.
Өлкөсүнө абадан кол салуулардын алдын алуу үчүн Украина менен союздаштарынын ортосунда абадан коргонуу тармагындагы келишимдерди ишке ашыруунун маанилүүлүгүнө көңүл бурган Зеленский: «Вашингтондогу НАТО саммитинде жана Рамштайн форматындагы жолугушууларда, Украинага карата абадан коргонуу боюнча кабыл алынган чечимдер толук аткарыла элек»,-деп айтты.
Зеленский АКШ жана башка союздаш мамлекеттердин лидерлери менен Украинага абадан коргонуу системаларын жана ракеталарды чыгарууга лицензия берүү боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөргөн айтты.
«Бул маселеде мүмкүн эмес эч нерсе жок жана бул коопсуздукту кепилдөө боюнча биздин жамааттык жөндөмүбүздү дагы да бекемдейт. Туруктуу тынчтыкты мүмкүн кылган күч мына дал ушул»,-деп айткан Зеленский Орусияны тынчтык орнотууга мажбурлоолору керектигин кошумчалады.