Дания Трампка Гренландияны сатып алуунун ордуна аралдагы коопсуздукту бекембөөгө чакырды

Axios веб барагынын кабарына караганда  Даниянын өкмөтү Америка Кошмо Штаттары менен саясий конфликттен качууну көздөп жаткандыктан, коопсуздукка шылтоо кылуу менен Трампты Гренландияны басып алуудан баш тарттырууга аракет кылууда.

2229499
Дания Трампка Гренландияны сатып алуунун ордуна аралдагы коопсуздукту бекембөөгө чакырды

Дания АКШнын шайланган президенти Дональд Трамптын командасына Гренландияны сатып алуунун ордуна аралдагы коопсуздукту, анын ичинде АКШнын аскерий катышуусун көбөйтүүнү сунуштады.

Axios веб барагынын кабарына караганда  Даниянын өкмөтү Америка Кошмо Штаттары менен саясий конфликттен качууну көздөп жаткандыктан, коопсуздукка шылтоо кылуу менен Трампты Гренландияны басып алуудан баш тарттырууга аракет кылууда.

Ушул алкакта Дания өкмөтү Трамптын командасы менен байланышка чыгып, Гренландиянын сатылбайт деген кабарын берди.

Дания өкмөтү аралды сатып алуунун ордуна Трампка коопсуздук чараларын күчөтүүнү, анын ичинде аралда америкалык аскерлердин катышуусун көбөйтүүнү сунуштады.

Даниянын премьер-министри Метте Фредериксен кечээ Гренландия боюнча айткан сөздөрү үчүн аны менен жолугууну каалаган Трамптын аралды күч менен басып алууга аракет кыла турганына ишенбей турганын айтты.

АКШда кызматка киришүүгө даярданып жаткан Трамп 2024-жылдын 23-декабрында өзүнүн Truth Social эсебинен Гренландия өз өлкөсүнүн көзөмөлүндө болушу керек деген билдирүүсүн кайталап, аралга ээлик кылуу жана көзөмөлгө алуу «абсолюттук зарылчылык» экенин жактаган.

Трамп 8-январда Панама каналы менен Гренландияны көзөмөлгө алуу үчүн аскерлерди колдонбоону милдеттендиреби деген суроого: «Жок, мен сизге бул экөө тууралуу эч кандай кепилдик бере албайм. Балким, биз бир нерсе кылышыбыз керек. Булар биздин экономикалык коопсуздугубуз үчүн керек»,-деп жооп берген болчу.



Тектеш кабарлар