«Сирия төңкөрүшү, Түркия жана дүйнө»

Түрк тышкы саясатынын негиздери -2

2228816
«Сирия төңкөрүшү, Түркия жана дүйнө»

Түрк тышкы саясатынын негиздери -2

«Түрк тышкы саясатынын негиздери» программасынын экинчи бөлүмүндө сиздер менен биргебиз. Программабыздын бүгүнкү чыгарылышында «Сирия төңкөрүшү, Түркия жана дүйнө» темасы болмокчу.

Эл аралык мамилелер боюнча адис др. Жемил Догач Ипектин темага байланыштуу сереп салуусун баяндап беребиз.

2011-жылы талаптарын жарыялоо үчүн көчөгө чыккан Сирия калкына Асад жетектеген Баас режиминин оор куралдар менен жооп кайтаруусунан кийин башталган жарандык согуш жакында Сирия Улуттук армиясы (SMO) жана Дамаскты боштондукка чыгаруу уюмунун (HTŞ) Дамаскка кириши менен жарым-жартылай аяктады. Сирияда 8-декабрдан тарта башкача саясий реалдуулук пайда болду. Бул чындык жаңы мезгилде Сириянын ички тартибинде да, эл аралык карым-катнаштарында да радикалдуу өзгөрүүлөрдү жарата турган процесстин башталышы катары эсептелүүдө.

Өзүнүн бийлигин жана падышачылыгын миң жылга жакын сактагандан кийин акыркы күнүн жашап жатканда Вольтер тамаша иретинде айткандай, Ыйык Рим империясы мындан ары ыйык эмес, римдик да эмес,  империя да эмес. Бүгүнкү күндө глобалдык деңгээлде биз туш болгон көйгөй болсо бул: Дээрлик 2,5 кылымдан кийин либералдык дүйнөлүк тартип да эми либералдык, бүткүл дүйнөлүк же тартиптүү эмес. Дүйнөнү бир бүтүн сыяктуу айтуу барган сайын кыйын болуп баратат. Глобалдык алкактарды түзүү аракеттеринен майнап чыккан жок. Протекционизм күч алууда, дүйнөлүк соода сүйлөшүүлөрү жыйынтык берген жок. Бийликтин жаңы багыты катары пайда болгон кибермейкиндикти колдонууну жөнгө салган эрежелер өтө аз. Ар бири өзүнө гана тиешелүү болгон аймактык тартиптер же мыйзам бузуулар пайда болууда. Бул абалдын эң жакшы мисалы Жакынкы Чыгышта жана Сирияда болуп жаткан окуялар.

Бүгүнкү дүйнө 1939-1991-жылдардагы идеологиялык поляризацияланган дүйнөгө окшош эмес; глобалдык согуш болгон Биринчи дүйнөлүк согушка чейинки ондогон жылдарды көбүрөөк эске салат. Биз учурда глобалдык жана аймактык державалар көтөрүлүп же кулап турган доордо улуттук күч согушуна (-тарына) күбө болуп жатабыз деп айта алабыз. Үстөмдүк кылуучу императорлук держава болгон АКШ статус-квону сактап калуу үчүн тынымсыз кадамдарды жасоого умтулууда. Бир тараптан Кытай, Британия жана Түркия сыяктуу барган сайын күчтөнгөн актерлор АКШнын бийликти жана байлыкты пропорционалдуу эмес бөлүшүүсүнөн тынчсызданууда. Орусия Федерациясы жана Европа Биримдиги сыяктуу көп улуттуу түзүмдөр болсо мурдагы жакшы күндөрүн издеп жатышат. Батыш СССРдин кайтып келишине; Орусия болсо Батыш колдогон режимди алмаштыруу толкунунан коркууда. Эки тараптын тең чочулоосу, алар айткандай, “радикал ислам болуп саналат”.

Дүйнөдөгү жалпы кырдаалга көз чаптырсак, 1945-1989-жылдардагыдай чоң идеологиялык күрөш эшик алдында эмес. Чындыгында жаңы “Темир көшөгө” да көрүнбөй эле. Үстөмдүк кылуучу дүйнөлүк державадан тышкары, (АКШнын үстөмдүгүн азайткысы келген, бирок бул максатка жетүү үчүн али күчтүү боло элек) өсүп жаткан жана төмөндөп бараткан державалар бар. Бул жагдай бул тема менен алектенген адистердин арасында кээ бир пикир келишпестиктерге алып келүүдө. Айрым адистерде азыркы кырдаалды түшүнүү үчүн Кансыз согуштун ностальгиясына кайрылуу тенденциясы бар, бирок бул так аналогия эмес. Азыркы кырдаал, ал мезгилде жаңыдан пайда болгон улуу державалардын атаандаштык доору болгон жана мамлекеттердин ортосундагы мамилелер идеологиялык негиздемелерге эмес, улуттук кызыкчылыктарга негизделген 19-кылымдын экинчи жарымына көбүрөөк окшош. Учурдагы глобалдык түзүмдө үстөмдүк кылуучу күч бар, бирок өзүнүн улуттук кызыкчылыктарын коргоого же ага жетүүгө умтулган башка державалардын каршылыгына туш болууда. Дүйнө дагы деле 21-кылымды 20-кылымдын объективдери аркылуу түшүнүүгө аракет кылып эски түшүнүктөр менен тайгаланууда. Ошондуктан биз Сирия/Жакынкы Чыгыш үчүн да, дүйнө үчүн да экинчи кансыз согуштун босогосунда эмес экенибизди оңой эле айта алабыз.

Бүгүнкү күндө Түркия болсо кыска мөөнөттө болбосо да, узак мөөнөттүү келечекте Сирияда жеңүүчүлөрдүн бири болду. Анткени кулатылган Асад режими азчылыктын этникалык жана диний/сектанттык диктатурасы болгон, Иран чет элдик шиит баскынчысы болгон, Орусия болсо Асад менен Иранга колдоосу менен булганганы сыяктуу Сирия аянтына жайгаштырган аба күчтөрүнөн башка эч нерсеси жок эле. АКШ болсо террордук уюм ПККнын Сириядагы уландысы менен кызматташып мыйзамдуулук көйгөйүнө кирди. Орусия жана Иранга салыштырмалуу Сирияга күч колдонуу үчүн аскер бөлүктөрүн жиберүү географиялык жактан Түркия үчүн жеңил болушу Түркиянын дагы бир өзгөчөлүгү болуп саналат.

Түркия Республикасы Сириядагы окуялар башталган 2011-жылдын март айынан бери Асад режимине каршы кыймылдарды колдоп келет. Мындан тышкары 2016-жылы «Евфрат калканы» операциясы менен эл аралык мыйзамдан келип чыккан укуктарын пайдаланып Сирия аймагына жеке өзү кийлигишкен. «Евфрат калканы» операциясынан бери Түркия жарандык, аскердик ж.б. аймакта бардык элементтери менен Сирия калкынын жанында болду, бул күрөш үчүн материалдык жана моралдык олуттуу чыгымдарды төлөөнү да улантууда. Ошондуктан бул жердеги күрөш Сирия калкынын эркиндик күрөшү гана болбостон Түркия үчүн да туруктуулук көйгөйүнө айланды. Алдыбыздагы мезгилде Сирияда пайда боло турган оң көрүнүш түрк тышкы саясаты үчүн бир гана Сирияда эмес, бардык фронтто чоң утуштарды алып келет.

Эл аралык мамилелер боюнча адис др. Жемил Догач Ипектин сереп салуусун окудуздар. 



Тектеш кабарлар