Өткөн жылы апааттардан 11 миң киши каза болду

Селдер, жер титирөөлөр, бороондор жана башка табигый кырсыктар 2024-жылы дүйнө жүзү боюнча 11 000 адамдын өмүрүн алды.

2228903
Өткөн жылы апааттардан  11 миң киши каза болду

Селдер, жер титирөөлөр, бороондор жана башка табигый кырсыктар 2024-жылы дүйнө жүзү боюнча 11 000 адамдын өмүрүн алды.

Борбору Германия болгон кайра камсыздандыруу компаниясы Munich Re  жылдык табигый кырсык отчетун жарыялады.

Ушуга караганда өткөн жылы табигый кырсыктар жалпы дүйнөдө 320 миллиард долларлык глобалдык экономикалык жоготууларга алып келди, анын 140 миллиард доллары камсыздандырылган.

Табигый апааттардан улам 11 000 адам   каза болуп, "Хелене" бороону эң көп зыян алып келген табигый апаат болду. 

Өткөн жылы табигый апааттардан улам болгон жоготуулардын 93 пайызы аба ырайынын катаалдыгынан болгон.

Сентябрь жана октябрь айларында АКШда болгон "Хелене" жана "Милтон" бороондору былтыркы жылдын эң катуу пааттары болду.

"Хелене" 16 миллиард доллары камсыздандыруучулар тарабынан камсыздалуу үчүн  56 миллиард долларлык жоготуу менен 2024 -  жылы эң чоң чыгымга жол ачкан апаат болду. 

 



Тектеш кабарлар