Орусиянын согуштук аракеттери

Орус армиясынын 4-10-январь аралыгында Орусия-Украина согушундагы иш-аракеттери тууралуу маалымат берилди.

2229255
Орусиянын согуштук аракеттери

Орусиянын Коргоо министрлиги, акыркы бир жумада орусиялык абадан коргонуу системалары тарабынан америкалык 8 даана АТАКМС ракетасынын атып түшүрүлгөнүн жарыялады.

Министрликтин билдирүүсүндө, орус армиясынын 4-10-январь аралыгында Орусия-Украина согушундагы иш-аракеттери тууралуу маалымат берилди.

Буга ылайык, 4-10-январь күндөрүнүн аралыгында жасалган кол салууларда Украинадагы аскердик аэропорттор, учкучсуз учуучу аппарат өндүрүш борборлору жана ок-дары кампалары бутага алынды.

Ошондой эле Луганск жана Донецк облустарындагы айрым конуштар көзөмөлгө алынганы, 91 украин аскеринин туткунга алынганы кабарланды.

Согуш башталгандан бери (2022-жылдын февраль айында) Украина армиясына таандык 652 учак, 283 тик учак, 39 миң 896 учкучсуз аппарат, 590 абадан коргонуу ракеталык системасы, 20 миң 467 танк жана бронетехника, 1 миң 507 ракета аткычтар, 20 миң 385 гаубицалар жана минометтор, 30 миң 135 атайын аскердик техниканын жок кылынгандыгы билдирилди.

Ошондой эле Украина армиясынын 2024-жылдын 6-августунан бери Орусиянын Курск аймагында 50 миң 600 аскер, 296 танк, 222 жөө аскерлеринин согуштук унаасы, 161 БТР жана 1520 бронетранспортунан ажыраганы баса белгиленди.



Тектеш кабарлар