Нигерияда куралдуу кол салуу болду

Нигериянын түндүк-батышындагы Кацина штатында куралдуу кол салуулардан кеминде 30 киши каза болду.

2229254
Нигерияда  куралдуу кол салуу болду

Нигериянын түндүк-батышындагы Кацина штатында куралдуу кол салуулардан кеминде 30 киши каза болду.

Кацина штатынын Чаранчи, Сафана, Курфи жана Кайта аймактарында куралдуу кол салуулар болду.

Чаранчи аймагынын тургуну Камилу Мусанын билдирүүсүндө кол салгандар ок чыгарганын, ошондой эле кээ бир үйлөрдү да өрттөштү.

Муса кеминде 30 кишинин каза болгонун, кээ бирлеринин күйүп каза болгонун, 20дан ашуун кишинин да жаралуу куткарылганын белгиледи.

Кацина штатынын полиция комиссары Алию Абубакар Муса кол салуу болгонун тастыктап, аймакка коопсуздук күчтөрүнүн жиберилгендигин   билдирди.

Нигерия көптөн бери өлкөнүн ар кайсы аймактарында куралдуу бандалардын, ошондой эле Боко Харам жана ДЕАШтын Батыш Африкадагы филиалы болгон ISWAP террордук топторунун кол салууларына дуушар болуда.

Өлкөдө адам уурдоо үчүн жаза өлүм жазасы болгонуна карабастан  кун үчүн уурдап качуу кеңири тараган. Куралчан адамдар адатта өлкөнүн түндүгүндөгү айылдарды, мектептерди жана саякатчыларды бутага алып, кун талап кылышат.



Тектеш кабарлар