Израиль Тулкеримде кыйроо калтырды

Аймактын тургундары, бомбалоо жана бульдозерлердин чоң кыйроолоруна туш болушту.

2228805
Израиль Тулкеримде кыйроо калтырды

Израиль армиясы, басып алынган Батыш Шерианын түндүк бөлүгүндөгү Тулкерим шаары менен качкындар лагерлеринен массалык кыйроо калтырып чегинди.

Израиль 20 күндөн бери курчоого алган Тулкерим шаары менен Айн Шамс жана Тулкерим качкындар лагерлеринен чегингенден кийин көчөлөргө чыккан аймактын тургундары, бомбалоо жана бульдозерлердин чоң кыйроолоруна туш болушту.

Израилдик күчтөр инфраструктураны адаттагыдай эле талкалашты; дүкөндөр жана үйлөрдү жер менен жексен кылды.

Израилдик күчтөр Палестина элинин чечкиндүүлүгүн бузууга жана саботаж кылууга аракет кылып жатса да, палестиналыктар өздөрү ээлик кылган аймактарда калууга чечкиндүү.

2023-жылдын 7-октябрынан бери оккупацияланган Батыш Шериада жана Чыгыш Кудста Израиль аскерлери менен палестин жерлерин басып алган израилдиктердин кол салууларында 847 палестиналык каза болду.



Тектеш кабарлар