Ар кайсы өлкөдөн 14 дарыгер Газа тилкесине барды

7-октябрдан бери Израилдин Газа тилкесине жасаган кол салууларында 46 миң 06 палестиналык, анын ичинде болжол менен 17 миң 841 бала жана 12 миң 298 аял каза болуп, 109 миң 378 палестиналык жараланды.

2229007
Ар кайсы өлкөдөн  14 дарыгер Газа тилкесине барды

Израилдин кыргыны уланып жаткан Газа тилкесине жарадар жана бейтаптарга жардам көрсөтүү үчүн ар кайсы өлкөдөн 14 дарыгер барды.

Эл аралык көз карандысыз гуманитардык жардам уюмунун Rahma Worldwide башчысы  Шади Заза Газада өткөргөн маалымат жыйынында 12си хирург болгон 14 дарыгердин Газа тилкесиндеги Палестина калкына колдоо көрсөтүү үчүн баргандыгын айтты.

Заза Газага гуманитардык билдирүү берүү жана дары-дармек менен медициналык каражаттардын жетишсиздигинен улам калктын жашап жаткан кыйынчылыгын белгилөө үчүн баргандыгын белиледи.
«Уланып жаткан курчоо жана геноциддин натыйжасында элдин ден соолугунун жана жашоо шартынын начарлашынан тынчсыздангандыгын», - билдирген Заза Газанын  балдардын ачкачылыктан жана сууктан өлүмүнө  себеп болгон эпидемиялардын жана ачарчылыктын жайылышы менен бетме  - бет экендигин  айтып, кол салууларды токтотуу жана палестиналыктардын жашоо шарттарын жакшыртуу зарылдыгын баса белгиледи.

Заза Газага дары жана медициналык буюмдарды алып келүү  чакырыгын салып, «жардамдар болбостон жана каражаттар келбестен   дарыгерледин  жарадарларды жана бейтаптарды дарылоо үчүн керектүү кызматтарды көрсөтө албай тургандыгын» белгиледи. 

7-октябрдан бери Израилдин Газа тилкесине жасаган кол салууларында 46 миң 06 палестиналык, анын ичинде болжол менен 17 миң 841 бала жана 12 миң 298 аял каза болуп, 109 миң 378 палестиналык жараланды.

Урандылардын астында дагы миңдеген сөөктүн бар экендиги билдирилип, эл баш калкалаган  ооруканалар жана билим берүү мекемелер бутага алынып жарандык инфраструктура да талкаланууда.



Тектеш кабарлар