АКШдан Нигерияга 52, 88 миллион доллар кайтарылып берилет

Америка Кошмо Штаттары (АКШ) Нигерияда коррупция менен айыпталгандан кийин өлкөдөн качып кеткен мурдагы мунай министри Диезани Элисон-Мадуеке менен байланыштуу 52,88 миллион долларлык активдерди Нигерияга кайтарып берет.

2229253

Америка Кошмо Штаттары менен Нигериянын ортосунда коррупция менен айыпталып өлкөдөн качып кеткен мурдагы мунай министри Диезани Алисон-Мадуеке менен байланыштуу  52 миллион 880 миң долларлык мүлктөрдүн берилишине байланыштуу келишимге кол коюу аземи борбор шаар Абуджада өткөрүлдү.

Салтанатка Нигериянын юстиция министри жана башкы прокурор Латиф Фагбеми жана АКШнын Абуджадагы элчиси Ричард Миллс менен дипломаттар жана жарандар катышты.

Фагбеми аземде сүйлөгөн сөзүндө активдердин кайтарылышынын Нигерия менен АКШнын ортосунда коррупция менен күрөшүү жана мыйзамдын үстөмдүгүн сактоо жаатында уланып жаткан кызматташтыгында маанилүү бир кадам болгонун айтты.

Келишим менен 52 миллион 880 миң долларлык байлыктын кайтарыла турганын белгилеген Фагбеми, кайтарыла турган акчанын ар түрдүү долбоорлорго жумшала турганын билдирди.

АКШнын элчиси Миллс болсо кайтарыла турган акчаны нигериялыктардын пайдасына колдонуунун маанисин баса белгиледи.

Нигериянын мурдагы мунай министри Диезани Элисон-Мадуеке 2010-2015-жылдары мурдагы президент Гудлак Джонатандын мезгилинде  иштеген.

Тектеш кабарлар