АКШда токой өрттөрү уланууда
Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Лос-Анжелес шаарында уланып жаткан өрттөн каза болгондордун саны 10го жетти.




Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Лос-Анжелес шаарында уланып жаткан өрттөн каза болгондордун саны 10го жетти.
Лос-Анжелесте жана айланасында бир нече күндөн бери уланып жаткан өрт башка аймактарга жайылууда.
Лос-Анжелес аймагынын коронардык кеңсеси бир нече күндөн бери уланып жаткан өрттөн 10 кишинин каза болгонун билдирди.
Өрттүн кесепетинен 10 миңден ашык курулуш жабыркаган же толугу менен талкаланган.
Итон аймагында болжол менен 14 000 акр аянтка жайылган өрт көзөмөлгө алына элек, Палисадес аймагында болжол менен 20 000 гектардык жерди күлгө айландырган өрттүн 6 пайызы көзөмөлгө алынды.
Лос-Анжелес полициясы шаардын Вудленд Хиллс аймагында өрт чыгарууга аракет кылган деп шектелген адамдын камакка алынганын билдирди.
Лос-Анжелес аймагынын шерифи Роберт Луна бүгүн жергиликтүү убакыт боюнча саат 18:00дөн 6:00гө чейин Палисадес жана Итон жана айланасындагы айрым аймактарда коменданттык саат киргизе тургандарын айтты.
Пасадена шаарынын мэри Виктор Гордо учурда эвакуациялоо буйругу астындагы тургундардан бир маалымат келмейинче үйлөрүнө кайтпашы керектигин айткан.
Лос-Анжелес аймагында 180 000ге жакын адамды эвакуациялоо буйругу жана 200 000 киши үчүн эвакуациялоо боюнча эскертүүлөр берилүүдө.
Тектеш кабарлар

АКШ Израилге курал сатууну бекитти
АКШнын Мамлекеттик департаменти Израилге 7,4 миллиард долларлык жаңы курал сатат.