АКШ, Британия жана Израилден Йеменге кол салуу

Хуситтерге таандык SABA маалымат агенттиги, Санада Газаны колдоо демонстрациялары учурунда абадан сокку урулганын кабарлады.

2229251
АКШ, Британия жана Израилден Йеменге кол салуу

Йемендеги Иран колдогон хуситтер АКШ, Британия жана Израилдин борбор калаа Сана жана Худейде провинциясына абадан кол салганын жарыялады.

Хуситтерге таандык SABA маалымат агенттиги, Санада Газаны колдоо демонстрациялары учурунда абадан сокку урулганын кабарлады.

Худейде провинциясындагы портторго да кол салуулар болгону айтылды.

Ошондой эле хуситтер Йемендеги аба соккуларына АКШ жана Улуу Британиянын катышканын билдирди.

Хуситтер Израилдин Газадагы чабуулдарына жооп иретинде Кызыл деңизде соода кемелерин басып алып, аларга кол салууда.

АКШ Хусит күчтөрүнө каршы көп улуттуу деңиз күчтөрүн түзгөнүн маалымдаган.

Хуситтер АКШ менен Британиянын кемелерин бутага ала турганын жарыялашкан.



Тектеш кабарлар