Түркиянын Жакынкы Чыгыштагы таасири

Израилде «коопсуздук жыйыны» өткөрүлдү.

2228690
Түркиянын Жакынкы Чыгыштагы таасири

Түркиянын Жакынкы Чыгыштагы таасирине байланыштуу Израилде «коопсуздук жыйыны» өткөрүлгөнү маалымдалды.

The Jerusalem Post гезитине маек курган израилдик эки жетекчинин айтымында, жыйында Түркиянын аймактагы күчү жана анын Израилге таасири талкууланды.

Жыйынга Израилдин коргоо министри Йизраэль Кац, тышкы иштер министри Гидеон Саар, башкы штабдын төрагасы Герци Халеви жана башка кээ бир жогорку даражалуу жетекчилердин катышканы кабарланды.

Жыйындын Түркиянын Жакынкы Чыгышта арткан таасири жана аны менен бирге «Израилге коркунуч деңгээлинде өзгөрүү» болуп же болбогонун талкуулоо үчүн уюштурулганы белгиленди.

Израилдик бир аткаминер Түркиянын аймактагы таасирине байланыштуу премьер-министр Биньямин Нетаньяхунун да жакынкы күндөрдө жыйын өткөрөрүн билдирди.

Нетаньяхунун буйругу менен түзүлгөн Нагел комитетинин коргонуу бюджети жана коопсуздук стратегиясы боюнча акыркы отчетунда, Тель-Авив администрациясынын Түркия менен «ыктымалдуу согушка» даярдануусу керектиги айтылган.



Тектеш кабарлар