Путин аккан мунайдан тынчсызданууда
Путин борбор шаар Москвада орус жетекчилер менен жолугушууда өлкөнүн Кара деңиз жээгинде төгүлгөн мунайдын айлана-чөйрөнүн булганышына байланыштуу аткарылган иштерге баа берди.

Россиянын президенти Владимир Путин Кара деңизде бороондон жабыркаган эки танкердик кемеден агып чыккан мунайдын өлкөнүн айрым жээк шаарларындагы булганууну «акыркы жылдардын эң чоң экологиялык коркунучтарынын бири» деп мүнөздөдү.
Путин борбор шаар Москвада орус жетекчилер менен жолугушууда өлкөнүн Кара деңиз жээгинде төгүлгөн мунайдын экологиянын булганышына байланыштуу аткарылган иштерге баа берди.
Сөз болуп жаткан иштерди сынга алган Путин: «Алган маалымат боюнча, чыгымды минималдаштыруу үчүн жасалган иштер азырынча жетиштүү эмес деген жыйынтыкка келдим»,-деди.
Путин апааттын таасирин азайтуу үчүн Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин керектүү иштерди жасашы керектигин баса белгилеп : «Бул акыркы жылдарда кездешилген эң олуттуу экологиялык коркунучтардын бири»,-деди.
Жыйында сөз сүйлөгөн Россиянын өзгөчө кырдаалдар министри Александр Куренков бүгүнкү күнгө чейин Керч кысыгында 25 тонна, Анапа портунун айланасында 14 тонна мунай чогултулгандыгын айтты.
2024-жылдын 15-декабрында Кара деңиздин Керч кысыгын таасири астына алган бороондон улам ар кандай кырсыкка кабылган орус "Волгонефть-212" жана "Волгонефть-239" танкердик кемелеринин жабыркагандыгы билдирилген.
Танкерлерден жалпысынан 4000 тонна мунайдын аккандыгы болжолдонуп, көп сандаган жетекчи жана ыктыярдуу аккан мунайдын тазаланышы үчүн иштеп жатышат.
Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыялады.
Тектеш кабарлар

Израиль-Хамас сүйлөшүүлөрү
Катардын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мажид аль-Ансари маалымат берди.