Орусиядан Украинага кол салуу: 13 киши каза тапты
Владимир Зеленский социалдык тармактагы билдирүүсүндө, Орусиянын Запорожьеге башкарылган бомба менен чабуул жасаганын айтты.

Украинанын президенти Владимир Зеленский орус армиясынын Украинанын Запорожье аймагына карай чабуулунан 13 кишинин каза болгонун, 30 кишинин жараланганын кабарлады.
Владимир Зеленский социалдык тармактагы билдирүүсүндө, Орусиянын Запорожьеге башкарылган бомба менен чабуул жасаганын айтты.
Зеленский билдирүүсүндө «Учурда ондогон адамдардын жаракат алганы белгилүү болду. Баарына керектүү жардамдар көрсөтүлүп жатат. Тилекке каршы 13 адам каза тапты. Үй-бүлө жана жакындарына көңүл айтам. Каза болгондордун саны көбөйүшү мүмкүн»,- деди.
Запорожье Аскердик Башкармалыгынын башчысы Иван Федоров да социалдык медиа баракчасынан бөлүшкөн билдирүүсүндө, орус армиясынын аймактагы өнөр жай инфраструктурасына сокку урганын, кол салууда жараланган 30 кишинин аймактык ооруканага жеткирилгенин маалымдады.
Украинанын президенттик аппаратынын жетекчиси Андрей Ермак да социалдык тармактан Запорожьеге жасалган кол салууга реакция кылып: «Орусия карапайым калкка кайрадан сокку урууда»,-деди.
Тектеш кабарлар

Трамп Газа тилкесин талап кылуу боюнча өжөрдөнүүдө
Дональд Трамп Fox News телеканалына берген маегинде Газаны басып алуу планына карата баа берди.