Ливандын жаңы президенти болуп Жозеф Авн шайланды

Биринчи сессияда 71 добуш алган Жозеф Авн шайлоо үчүн зарыл болгон 86 добушка жетпей калган.

2228820
Ливандын жаңы президенти болуп Жозеф Авн шайланды

Ливандын Башкы штабынын төрагасы Жозеф Авн парламентте добуш берүү менен өлкөнүн жаңы президенти болуп шайланды.

Ливандын жаңы президенти Ливан парламентинде өткөрүлгөн 13-президенттик шайлоо сессиясынын экинчи айлампасында шайланды.

Биринчи сессияда 71 добуш алган Жозеф Авн шайлоо үчүн зарыл болгон 86 добушка жетпей калган.

Экинчи сессияда 99 добуш менен Ливандын жаңы президенти болуп шайланды.

Ливандын Конституциясына ылайык, президент – маронит христиан, премьер-министр – суннит, парламент спикери – шииттерден шайланууда.

13-президент Мишель Авндын ыйгарым укуктары 2022-жылдын октябрында аяктаган.

Бирок ар кайсы саясий фракциялар бири-биринин талапкерине каршы чыккандыктан президент шайлана алган эмес.



Тектеш кабарлар