Кызыл чырым комитети Түркия менен кызматташууну каалайт

Эл аралык Кызыл чырым комитети Эггердин борбор шаар Анкарага жасаган биринчи сапарына байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүү жасады.

2228409
Кызыл чырым комитети Түркия менен кызматташууну каалайт

Эл аралык Кызыл чырым комитетинин (ЭКЧК) президенти Мирьяна Сполярич Эггер Түркия менен кызматташуунун жаңы барагын ачууну чыдамсыздык менен күтүп жатканын билдирди.
Эл аралык Кызыл чырым комитети Эггердин борбор шаар Анкарага жасаган биринчи сапарына байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүү жасады.

Эггердин Ливан жана Сириядан кийин Түркияга барып, Тышкы иштер министрлиги жана Түрк Кызылайынын жооптуу кызматкерлери менен жолукканы белгиленген билдирүүдө: «Сапар дүйнө жүзү боюнча чыр-чатак зоналарында азап-кайгыларды азайтуу үчүн гуманитардык жардам жана эл аралык гуманитардык укук ойногон маанилүү ролуна көңүл бурууга мүмкүнчүлүк болду»,делди.

Билдирүүдө көз караштары орун алган Эггер : «ЭКЧК менен Түркиянын ортосундагы кызматташтыктын жаңы барагын ачууну чыдамсыздык менен күтөм. Дүйнө жүзү боюнча жарандык жашоого каргашалуу зыян алып келген чыр-чатактын баары уланып жатканда, Түркия көптөн бери азап-кайгыларды жеңилдетүү жана эл аралык гуманитардык укукту урматтоону бекемдөөдө маанилүү ролду ойноп келет»,-деп айтты.

Түрк Кызылайы менен бекем кызматташуу карым-катнашынын маанилүүлүгүнө көңүл бурган Эггер : «Чындыгында кызматташуубузду дагы да тереңдетет деп үмүттөнөм»,-деп баа берди.



Тектеш кабарлар