Хосе Мануэль Альбарес келерки аптанын башында Ливанга жана Сирияга барат
Испаниянын министри Альбарес Европа Биримдиги (ЕБ) өлкөсүнөн Сирияга барган үчүнчү тышкы иштер министри болот.

Испаниянын тышкы иштер министри Хосе Мануэль Альбарес келерки аптанын башында Ливан жана Сирияга барат.
Испаниянын тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Альбарестин биринчи аялдамасынын Ливан болоору, ноябрь айында ишке кирген ок атышпоо келишими менен белгиленген 60 күндүк мөөнөттүн аягында Ливандагы саясий лидерлер менен жолугары белгиленди.
Министр Альбарестин бул өлкөдө кызмат кылган Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Убактылуу Тынчтык Күчүнө (UNIFIL) бара турганы, Ливандан кийин Сирияга барары жана 8 - декабрда Баас режиминин кулашынан кийин жаңы башкаруунун өкүлдөрү менен жолугушаары белгиленди.
Альбарестин Дамасктагы этникалык жана диний азчылыктар караштуу болгон айрым жарандык коом уюмдарынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрө тургандыгы белгиленген билдирүүдө испаниялык министрдин Сирияда кулатылган Башар Асад режиминин кыйноо базасы катары биилнген Седная түрмөсүнө да барышы мүмкүн экендиги кабарланды.
Билдирүүдө 2012-жылы Испаниянын Дамаск элчилигинде түшүрүлгөн Испания желегинин 13 жылдык убакыттан кийин кайрадан көттөрүлүү аземине Альбарестин катыша тургандыгы маалымдалды.
Испаниянын министри Альбарес Германиянын тышкы иштер министри Анналена Баербок менен Франциянын тышкы иштер министри Жан-Ноэль Барро 3-январда Дамаскка жасаган сапардан кийин Европа Биримдиги (ЕБ) өлкөсүнөн Сирияга барган үчүнчү тышкы иштер министри болот.
Тектеш кабарлар

АКШ Израилге курал сатууну бекитти
АКШнын Мамлекеттик департаменти Израилге 7,4 миллиард долларлык жаңы курал сатат.