Индияда тебелендиде 6 киши каза болду

Алгачкы маалыматтарга караганда, Индиянын Андхра-Прадеш штатындагы ибадатканада чыккан тебелендиде алты адам өлүп, көп адам жаракат алды.

2228716
Индияда тебелендиде  6 киши каза болду

Алгачкы маалыматтарга караганда, Индиянын Андхра-Прадеш штатындагы ибадатканада чыккан тебелендиде алты адам каза болуп,көп адам жаракат алды.

Андхра-Прадеш штатынын Тирупати шаарындагы фестивалга катышуу үчүн өлкөнүн төрт тарабынан  зыяратчы келген ибадатканада тыгын болду.
Жетекчилер  фестиваль аймагына кирген жерде  болгон тыгында алгачкы маалыматтарга караганда 6 кишинин каза болгондугун жана көп сандаган кишинин жаралангандыгын билдиришти.

Индиянын премьер-министри Нарендра Моди премьер-министрликтин X аккаунтуна берген маалыматында кайгысын  билдирип: «Жакындарын жоготкондордун кайгысын бөлүшөмүн. Жаралангандардын  тезирээк айыгышы үчүн дуба кыламын.  Андхра-Прадеш башкаруусу  окуядан жапа чеккендерге колдон келген жардамды көрсөтүүдө”,- деди.



Тектеш кабарлар