Бушехрде чет элдиктердин жашап жана иштешине тыюу салды

Ирандын расмий маалымат агенттиги IRNA билдиргендей, Бушехр губернаторунун орун басары Ихсан Жаханян бул маселе боюнча билдирүү жасады.

2228575
Бушехрде чет элдиктердин жашап жана иштешине тыюу салды

Ирандын атомдук электр станциясы жайгашкан Бушехр шаарында коопсуздук чараларынын алкагында чет элдик жарандарга жана качкындарга станциядан 5 чакырым алыстыкта ​​жашоого жана иштөөгө тыюу салынды.

Ирандын расмий маалымат агенттиги IRNA билдиргендей, Бушехр губернаторунун орун басары Ихсан Жаханян бул маселе боюнча билдирүү жасады.

Коопсуздук боюнча жооптуу губернатордун орун басары Жиханян: «Чет элдик жарандар менен качкындардын Бушехр атомдук станциясына 5 километр алыстыкта ​​жана бул провинциянын Женаве, Дейлем жана Аселуйе райондорунда иштөөсүнө жана жашоосуна тыюу салынды»,-деди. 

Жиханян бардык чет элдик жарандардын жана качкындардын сөз болуп жаткан райондордон тез арада чыгып кетүүсүн айтып, антпесе жашоо уруксаттарынын жокко чыгарылып, депортациялана тургандыгын айтты.

Жиханян электр станциясына жакын аймактарда жашаган же иштеген качкындар тууралуу төмөнкүдөй билдирүүлөрдү жасады:

«Чет элдик жарандардын атомдук электр станциясынан 5 чакырым алыстыкта ​​иштөөсүнө жана жашашына тыюу салынгандыктан, качкындардын Бушехрдеги Хелиле жана Бандаргах сыяктуу аймактарында жашап жана иштөөсүнө уруксат берилбейт».



Тектеш кабарлар