Кубада аскердик кампада жарылуу болду
13 аскердин дайынсыз болуп жатканы айтылууда.

Кубада аскердик буюмдар сакталган кампадагы жарылуудан кийин 13 аскердин дайынсыз болуп жатканы кабарланды.
Кубанын Төңкөрүшчүл Куралдуу Күчтөр министрлигинен (Минфар) жасалган билдирүүдө, Ольгин провинциясынын Мелонес аймагындагы кампада белгисиз бир себеп менен аскердик буюмдардын жарылгандыгы белгиленди.
Жарылуудан кийин 13 аскердин табылбай жатканы айтылган маалыматта, аймакка көп сандаган издөө-куткаруу тобунун жиберилгени билдирилди.
Жетекчилер дайынсыз жоголгон аскерлердин үй-бүлөлөрүнө кабар берилгенин жана Куралдуу күчтөрдүн окуянын чечилишине өзгөчө көңүл бурганын баса белгиледи.
Ольгин облусунун Коргоо кеңеши жана Куралдуу Күчтөр министрлиги тарабынан көрүлгөн чаралардын алкагында окуя болгон жерге жакын аймактарда жашаган 500гө жакын киши эвакуацияланды.
Тектеш кабарлар

Тирана мэри камакка алынды
Велиай коррупция, арам акчаны адалдоо жана мүлкү боюнча жалган билдирүү жасаган деп айыпталууда.