Блинкен менен 4 европалык министр Сирия үчүн чогулат

АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Мэтью Миллер Блинкендин Италия жана Ватиканга расмий сапарынын алкагында европалык кесиптештери менен жолугуша турганын билдирди.

2228195
Блинкен менен 4 европалык министр Сирия үчүн чогулат

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен, Башар Асад режими кулатылган Сириядагы абалдарды сүйлөшүү үчүн Римде Британия, Франция, Германия жана Италиянын тышкы иштер министрлери менен жолугушат.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Мэтью Миллер Блинкендин Италия жана Ватиканга расмий сапарынын алкагында европалык кесиптештери менен жолугуша турганын билдирди.

Италияда 9-январда боло турган жыйынга АКШ жана үй ээси өлкөдөн тышкары Британия, Франция жана Германиянын тышкы иштер министрлери да катышат.

Сириядагы абалдар баш болгон Жакынкы Чыгыш күн тартиби менен чогула турган министрлердин 19-декабрда Иранда камакка алынган италиялык журналист Сесилия Сала тууралуу да пикир алмашуусу күтүлүүдө.

Итальян басма сөзүндө орун алган кабарларга караганда Италиянын тышкы иштер министри Антонио Таяни катышкан дипломаттар конференциясындагы билдирүүсүндө: «(Сирияда) Алгачкы оң сигналдардын конкреттүү оң сигналдарга айланышын үмүт кылабыз»,-деди.  

8-декабрда Асад режиминин кулатылышын кубаттаган АКШ жана Евробиримдик (ЕБ) Сирияда «бардык азчылыктарды камтыган, демократиялуу жана адам укуктарын урматтаган» өкмөттүн түзүлүшү менен «тынчтыкчыл» өткөөл процессти ачык колдой турганын билдирген.



Тектеш кабарлар