Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) "Сириядагы узак мөөнөттүү туруктуулукка инвестиция салууга" чакырды
Йенс Лаерке Сирияда Башар Асад режими кулатылгандан кийин өлкөгө гуманитардык жардам жана колдоо темалары тууралуу басма сөзгө маалымат берди.

БУУнун гуманитардык иштерди координациялоо кеңсесинин басма сөз катчысы Йенс Лаерке Сирияда Башар Асад режими кулатылгандан кийин өлкөгө гуманитардык жардам жана колдоо темалары тууралуу басма сөзгө маалымат берди.
Лаерке, Сирияда иштеген гуманитардык жардам уюмдарынын приоритетинин адамдардын эң маанилүү муктаждыктарын канааттандыруу болушу керектигин белгилеп, бул муктаждыктардын тамак-аш, турак-жай, саламаттыкты сактоо жана таза суу экендигин айтты.
"Сириядагы узак мөөнөттүү туруктуулукка инвестиция салуу зарылчылыгы айкын. Бул негизги кызматтарды, анын ичинде электр энергиясына жетүүнү калыбына келтирүүгө, адамдардын киреше жана өзүн-өзү багуу каражатына ээ болууга жардам берет. Албетте, бул убакытты талап кылышы мүмкүн", - деди Лаерке.
Адамдын маанилүү муктаждыктарына жооп берген, бирок дагы туруктуу чечимдерге жол ачкан "эрте калыбына келтирүү иш-чараларын" колдоонун маанилүүлүгүн баса белгилеген Лаерке, булар суу ресурстарын калыбына келтирүү же сугат тармагын инвестициялоону камтыгандыгын айтты.
Йенс Лаерке көйгөйлөргө туруктуу чечимдерди табуу адамдардын дагы туруктуу түрдө үйлөрүнө кайтууларына салым кошоорун баса белгиледи.
Сирияга гуманитардык жардамга байланыштуу финансылык көйгөйлөргө да токтолгон Лаерке : «Өткөн жылы 10,8 миллион кишиге колдоо көрсөтүү үчүн 4,1 миллиард долларлык жардам үчүн чакыруу салганбыз бирок мунун үчтөн бир бөлүгү гана аткарылды. Бул боштукту толтуруу абдан маанилүү",- деди.