Австрияда Александр Шалленберг убактылуу премьер - министр болуп шайланды

Президенттик аппараттын билдирүүсүнө караганда, Нехаммердин  4-январда кызматтан кеткенден кийин Шалленберг премьер-министрлик кызматка киришет.

2228351
Австрияда Александр Шалленберг убактылуу премьер  - министр болуп шайланды

Австрияда тышкы иштер министри Александр Шалленберг премьер-министр Карл Нехаммер кызматтан кеткенден кийин убактылуу премьер  - министр болуп дайындалды.

Президенттик аппараттын билдирүүсүнө караганда, Нехаммердин  4-январда кызматтан кеткенден кийин Шалленберг премьер-министрлик кызматка киришет.

Жаңы өкмөт түзүлгөнгө чейин Шалленбергдин  убактылуу кызматында калышы күтүлүүдө.

Австрияда 29-сентябрда өткөн парламенттик шайлоодо ашкере оңчул Эркиндик партиясы (FPÖ) биринчи болуп чыкты бирок парламентке кирүүдө ийгиликтүү болгон башка партиялар FPÖ менен коалиция түзүүнү каалабагандыктан өкмөт курууга ыйгарым укук берилген жок. 

Эркиндик партиясы менен борбордук оңчул Элдик партиянын (ÖVP) ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жакын арада башталаары күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар