Кытайда жер титирөө болду
Кытайдын Тибет аймагында эртең менен болгон жер титирөөдө алгачкы маалыматтарга караганда 53 адам каза болду.

Кытайдын Тибет аймагында эртең менен болгон жер титирөөдө алгачкы маалыматтарга караганда 95 адам каза болду.
Тибеттин экинчи чоң шаары Шигацэге жакын жерде 10 чакырым тереңдикте катталган жер титирөөдө 130 адам жаракат алды.
Жер титирөө өзгөчө Тингри району жана айланасында чоң зыян алып келип, жер титирөө коңшу өлкө Индиянын кээ бир аймактарында да сезилди.
Кытайдын аба күчтөрү Эверест тоосунун этегиндеги аймакка куткаруу иштери үчүн тик учак жана учкучсуз учуучу аппараттарды жөнөттү.
Издөө-куткаруу иштери ыңгайсыз аба ырайы жана тоолуу рельефтен улам кыйынчылык менен уланууда.
Аймакта электр жарыгы менен суу үзгүлтүккө учурады.
АКШнын Геологиялык кызматы (USGS) жер титирөөнүн күчүн 7,1 балл деп жарыялады.
Тектеш кабарлар

Израиль-Хамас сүйлөшүүлөрү
Катардын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мажид аль-Ансари маалымат берди.