Газада дагы 2 израилдик аскер өлдү

Окуяда 932-батальондун 2 аскеринин да оор жаракат алганы белгиленди.

2227789
Газада дагы 2 израилдик аскер өлдү

Газа тилкесиндеги кагылышууларда бири майор дагы эки израилдик аскер өлдү.

Израиль армиясынын билдирүүсүндө, Газанын түндүгүндөгү кагылышууда 932-батальондон рота командири майор Двир Сион Ревах жана анын орун басары капитан Эйтан Исраэл Шикназинин каза болгондугу кабарланды.

Окуяда 932-батальондун 2 аскеринин да оор жаракат алганы белгиленди.

2023-жылдын 27-октябрында кургактыктан чабуул башталгандан бери Газадагы кагылышууларда 390дон ашуун израилдик аскер набыт болду.

Израилдин 2023-жылдын 7-октябрынан бери Газа тилкесине жасаган кол салууларында болжол менен 17 миң 818и бала, 12 миң 287и аял жалпы 45 миң 854 палестиналык каза болуп, 109 миң 139 киши жараланды.

Урандылардын астында дагы деле миңдеген набыт өлүктөрдүн бар экени билдирилди, адамдар баш калкалаган ооруканалар жана билим берүү мекемелери бутага алынып жарандык инфраструктура да талкаланууда.



Тектеш кабарлар