Фолькер Түрк Ирандагы өлүм жазаларынан тынчсыздангандыгын билдирди
Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Фолькер Түрк Иранда өткөн жылы олуттуу түрдө өскөн өлүм жазасына байланыштуу терең тынчсыздангандыгын билдирди.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Фолькер Түрк Иранда өткөн жылы олуттуу түрдө өскөн өлүм жазасына байланыштуу терең тынчсыздангандыгын билдирди.
Түрк жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Иранда 2024-жылы кеминде 901 кишинин өлүм жазасына тартылганына, бул сандын 2023-жылы 853 кишиге жеткенине көңүлдөрдү бурду.
Иранда өлүм жазасына тартылгандардын саны жыл сайын көбөйүп жаткандыгынан тынчсыздангандарын баса белгилеген Түрк: «Иранда өткөн жылы олуттуу түрдө өскөн өлүм жазасынан тынчсыздануудамын",- деди.
Түрк, 2024-жылы өлүм жазасы тууралуу чыгарылган чечимдердин көпчүлүгүнүн баңги кылмыштарынан улам чыгарлыгандыгын айтып, өлүм жазасына тартылган аялдардын санында өсүү болгонуна көңүлдөрдү бурду.
"Бардык шартта өлүм жазасына каршыбыз”,-деген Түрк мунун негизги жашоо укугу менен туура келбестигин жана бейкүнөө адамдарды өлүм жазасына тартуу үчүн кабыл алынгыс тобокелчиликти туудургандыгын белгиледи.
Түрк Иран бийлигин бардык өлүм жазасын токтотууга жана бул жаза ыкмасын жокко чыгарууга чакырды.