ДССУ Газадагы балдардын абалы тууралуу билдирди

Гебрейесус Израилдин кол салуулары жана блокадасы астындагы Газадагы балдардын абалына байланыштуу Хтен маалымат берди.

2227628
ДССУ  Газадагы балдардын абалы тууралуу билдирди

Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун башкы директору Тедрос Гебрейесус Газадагы балдардын согуштун айынан каза болуп жаткандыгын белгиледи.

Гебрейесус Израилдин кол салуулары жана блокадасы астындагы Газадагы балдардын абалына байланыштуу Хтен маалымат берди. 

Газада 2024 -  жылдын декабрь айында төрөлгөн ымыркайлардын алгачкы белгилөөлөргө караганда жетөөсүнүн гипотермиядан улам каза болгондугун жана дагы көптөгөн ымыркайдын  коркунуч астында экендигин баса белгилеген Гебрейесус : "Ар бир бала дени сак жана коопсуз жашоого татыктуу. Бирок Газадагы балдар согуштан улам каза болуп жатышат"",- деди.

Гебрейесус өз билдирүүсүндө Газада ок атышууну токтотуу чакырыгын кайталады.

 

 



Тектеш кабарлар