Дамаскта коопсуздук операциясы баштатылды
Аскердик операциялар командирлиги Зебедани аймагында куралын тапшырууну четке каккан режим аскерлерин кармоо операциясын баштады.

Сирияда Баас режимин кулаткан Аскердик операциялар командирлиги борбор шаар Дамасктын Зебедани аймагында куралдарын тапшырбаган мурдагы режим аскерлерине карата операция баштады.
Аскердик операциялар командирлиги Зебедани аймагында куралын тапшырууну четке каккан режим аскерлерин кармоо операциясын баштады.
Коопсуздук булактары операция учурунда аймактын элинен командирликке караштуу коопсуздук күчтөрү менен кызматташуусун суранды.
Дамасктагы операцияда режимге таандык курал кампаларды ачыкка чыгаруу максат кылынууда.
2024-жылдын 8-декабрында Баас режими кулатылгандан кийин «жалпы мунапыс» чыгарган Аскердик операциялар командирлиги көптөгөн облустарда макулдашуу борборлорун ачып, кулатылган режимдин элементтеринен белгилүү бир убакытка чейин куралдарын тапшыруусун талап кылды.
Аскердик операциялар командирлиги буга чейин Тартус, Латакия жана Хомс провинцияларында ушундай масштабдуу операцияларды жүргүзгөн.