Газада каза болгондордун саны

Израилдин 2023-жылдын 7-октябрынан бери Газа тилкесине жасаган кол салууларында каза болгондордун саны 45 миң 854кө, жаралуулардын саны 109 миң 139га жеткени кабарланды.

2227462
Газада каза болгондордун саны

Израилдин кол салууларын 458 күндөн бери уланткан Газада каза болгондордун саны 45 миң 854кө жетти.

Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Газадагы билдирүүсүндө, Израиль армиясынын акыркы 24 саатта Газа тилкесинин ар кайсы аймактарындагы «3 кыргынында» 48 кишинин каза болгону, 75 кишинин жараланганы белгиленди.

Израилдин 2023-жылдын 7-октябрынан бери Газа тилкесине жасаган кол салууларында каза болгондордун саны 45 миң 854кө, жаралуулардын саны 109 миң 139га жеткени кабарланды.

Билдирүүдө урандылардын астында жана жол жээгинде дагы деле сөөктөрдүн бар экени, бирок Израиль күчтөрүнүн тоскоолдугунан улам медициналык топтор менен жарандык коргонуу кызматкерлеринин бул сөөктөргө жете албаганы кайталанды.



Тектеш кабарлар