Газада 7 наристе сууктан каза болду
Бириккен Улуттар Уюмунун Жакынкы Чыгыштагы Палестиналык качкындарга жардам жана коомдук иштер агенттиги (UNRWA) X баракчасынан билдирүү жасады.

Израилдин кол салууларынын астындагы Газа тилкесинде суук аба шарттарынан улам тоңуп каза болгон наристелердин саны 7ге жетти.
Бириккен Улуттар Уюмунун Жакынкы Чыгыштагы Палестиналык качкындарга жардам жана коомдук иштер агенттигинин (UNRWA) X баракчасындагы билдирүүдө, Израилдин кол салууларына кабылган Газада суук аба ырайы жана баш калкалоочу жайдын жоктугунун жаңы төрөлгөн балдардын өлүмүнө себеп болгону айтылды.
Билдирүүдө Газада 7 миң 700 ымыркайдын өмүрүн сактап калуу үчүн керектүү камкордуктун жок экени, «ушул күнгө чейин кеминде 7 ымыркайдын сууктан улам тоңуп каза болгону» белгиленди.
Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун (ДССУ) Израиль армиясынын кол салуулары менен Кемал Адван ооруканасын иштен чыгарышын айыптаганы эске салынган билдирүүдө, Кемал Адван ооруканасы жана айланасына 2024-жылдын октябрынан бери 50 кол салуу болгондугу ырасталды.
Билдирүүдө Кемал Адван ооруканасынын директору Хусам Абу Сафийенин бошотулушу да талап кылынды.