Алиев: «Кыйраган учак боюнча Орусиянын өкүлдөрү күнөөлүү»

Илхам Алиев 25-декабрда Казакстандын Актау шаарына жакын жерде кулаган Азербайжан аба жолдорунун (AZAL) жүргүнчү учагында каза болгон эки учкуч жана бир кабина кызматкеринин үй-бүлөлөрү жана окуядан аман калган 2 кабина экипажы менен жолугушту.

2227540
Алиев: «Кыйраган учак боюнча Орусиянын өкүлдөрү күнөөлүү»

Азербайжандын президенти Илхам Алиев Казакстандын Актау шаарына жакын жерде кулаган учакта каза болгон азербайжан жарандарынын Орусиянын аба мейкиндигинде ачылган октон зыянга учурашына Орусия Федерациясынын өкүлдөрү күнөөлүү экенин билдирди.

Илхам Алиев 25-декабрда Казакстандын Актау шаарына жакын жерде кулаган Азербайжан аба жолдорунун (AZAL) жүргүнчү учагында каза болгон эки учкуч жана бир кабина кызматкеринин үй-бүлөлөрү жана окуядан аман калган 2 кабина экипажы менен жолугушту.

Окуяда каза болгон учкучтарга жана кабина экипажына «Азербайжандын Улуттук Баатыры» наамы берилгенин, аман калган эки кабина экипажынын «Решадет» медалы менен сыйланганын эске салган Алиев, эгер учкучтар кесипкөйлүк жана баатырдык көрсөтпөсө, бул кырсыктан аман калгандар болмок эместигин айтты.

Учактын кара кутуларынын Бразилияда текшерилгенин белгилеген Алиев : «Албетте, ушул убакка чейин белгисиз болгон бардык маселелер ачыкка чыгат. Учактын радио-электрондук ыкмалар менен башкарылбай турган абалга келгени анык. Биз билген дагы бир нерсе, учак жердеги октун кесепетинен жабыркаган. Бирок учак эмне себептен Актауга багыт алганы боюнча азырынча маалыматыбыз жок. Бул мунаранын чечимиби же учкучтардын өз тандоосубу деген маалыматыбыз жок. Бул маалыматтардын баары кара кутулар ачылгандан кийин ачыкка чыгат»,-деди.

Ар бир азербайжан жаранынын өмүрүнүн кымбат экенин баса белгилеген Алиев: «Эгер Грозный шаарынын үстүндөгү аба мейкиндиги убагында жабылса, жердеги кызматтардын бардык эрежелери сакталып, куралдуу күчтөр менен мамлекеттик кызматтардын ортосунда координация болгон. Орусия Федерациясында болсо, бул трагедия болмок эмес»,-деди.

Илхам Алиев тергөөнүн бардык деталдарын ачыкка чыгаргысы келбегенин белгилеп: «Бирок мен бул кырсыкта азербайжандык жарандардын каза болушуна Орусия Федерациясынын өкүлдөрү күнөөлүү экенин так айта алам. Биз адилеттүүлүктү, кылмышкерлерди жазалоону, ачык-айкындуулукту жана гумандуу мамилени талап кылабыз»,-деп айтты.

25-декабрда Казакстандын Актау шаарына жакын жерде Баку-Грозный каттамын аткарып жаткан AZALга таандык Embraer 190 үлгүсүндөгү учак кулап түшкөн. Кырсыктан 38 адам каза болуп, 29 адам аман калган.

AZAL учактын физикалык жана техникалык тышкы кийлигишүүнүн натыйжасында кулаганын жарыялаган болчу.

Азербайжандын расмий өкүлдөрү учакка орусиялык «Панцир-С» абадан коргонуу системасы тарабынан кол салуу болгон деген маалыматты тастыктады.



Тектеш кабарлар