Гебреисус: «Израилге Сафийени бошотуу чакырыгыбызды улантып жатабыз»
Гебреисус Израилдин Газадагы саламаттыкты сактоо системасын бутага алганы тууралуу X платформасындагы билдирүүсүн бөлүштү.

Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун (ДССУ) башкы директору Тедрос Адханом Гебреисус Израиль тарабынан 27-декабрда кармалган Кемал Адван ооруканасынын директору доктор Хусам Абу Сафийе тууралуу эч кандай жаңыртылган маалымат ала албагандыгын билдирди.
Гебреисус Израилдин Газадагы саламаттыкты сактоо системасын бутага алганы тууралуу X платформасындагы билдирүүсүн бөлүштү.
Израиль басып алган жана өрттөп жиберген Кемал Адван ооруканасынын толугу менен иштебей турганын эске салган Гебреисус, оорукананын директору Хусам Абу Сафийенин 27-декабрда кармалгандан бери коопсуздук жана ден-соолук абалы тууралуу жаңыланган маалымат ала албагандарын белгиледи.
Гебреисус: «Израилге Сафийени бошотуу чакырыгыбызды улантып жатабыз»,-деди.
Ооруканаларга жана саламаттыкты сактоо кызматкерлерине кол салуулардын токтотулушу керектигин баса белгилеген Гебреисус: «Газадагы адамдардын саламаттык сактоо кызматтарына жетүүсү керек, ок атышпоо түзүлүшү керек»,-деп өз баасын берди.