Пентагон АКШнын Айнуларабда аскердик база куруу планынын жок экендигин билдирди

Пентагондун басма сөз катчысынын орун басары Сабрина Сингх жылдын биринчи басма сөз жыйынында баа берди.

2226931
Пентагон АКШнын Айнуларабда аскердик база куруу планынын жок экендигин билдирди

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Коргоо министрлиги (Пентагон) армиянын Сириянын түндүгүндөгү Айнулараб (Кобани) районунда жаңы аскердик  база куруу планынын жок экендигин билдирди.

Пентагондун басма сөз катчысынын орун басары Сабрина Сингх жылдын биринчи басма сөз жыйынында баа берди.

АКШ армиясы Сириянын түндүгүндөгү Айнулараб районунда жаңы аскердик база курдубу деген суроолорго жооп берген Пентагондун өкүлү: «Ал кабарлардын айрымдарын көрдүм,  Айнуларабда аскердик база куруу планы жок",- деди. 

Сирияда ДЕАШты жок кылуу үчүн болгондорун кайталаган Сингх Айнуларабда АКШ аскерлеринин жок экенин айтып: «Учурда  Айнуларабда кандайдыр бир база куруу планы же ниети жок. Бул кабардын кайдан  чыкканынын билбеймин",- деди. 

Сирияда зомбулуктун токтотулушун жактагандарын айткан Сингх, АКШнын Сириянын жеринин бүтүндүгү жана саясий ырааттуулук процессине колдоо көрсөткөнүн, бирок мунун ДЕАШ жана бул сыяктуу террордук топтордун жок кылынышы менен мүмкүн экендигин айтты.



Тектеш кабарлар