Бириккен Улуттар Уюму Газадагы адам укутары апаатынын дүйнөнүн көз алдында болуп жатканын билдирди

БУУнун Коопсуздук Кеңеши бир жылдык чукул жыйынында Израилдин ооруканаларга жасаган чабуулдарын жана Газадагы саламаттык кризисин талкуулады.

2226874
Бириккен Улуттар Уюму Газадагы адам укутары апаатынын дүйнөнүн көз алдында болуп жатканын билдирди

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Фолькер Түрк Газадагы адам укуктары апаатынын бүткүл дүйнөнүн көз алдында болуп жаткандыгын билдирди.

БУУнун Коопсуздук Кеңеши бир жылдык чукул жыйынында Израилдин ооруканаларга жасаган чабуулдарын жана Газадагы саламаттык кризисин талкуулады.

Жыйынга видеоконференция аркылуу катышкан БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Түрк : «Газадагы адам укуктары апааты дүйнөнүн көз алдында болууда. Израилдин согуш куралдары жана ыкмалары миңдеген адамдарды өлтүрүп, аймакты кыйратты»,-деди. 

Газада эл аралык мыйзамдардын этибарга алынбаганын жана кагылышууларда ооруканалардын корголушу керектигин эске салган Түрк : «Газадагы ооруканалардын талкаланышы палестиналыктарды жетиштүү медициналык жардам алуу укугунан ажыратууда. Бул ооруканалар бара турган башка жери жок миңдеген адамга башпаанек болууда.
Саламаттыкты сактоо мекемелерин атайылап жок кылуу жалпы  жазалоонун бир түрү болушу мүмкүн, эгерде бул карапайым калкка каршы кеңири жайылган же системалуу кол салуунун бир бөлүгү боло турган болсо согуштук кылмыш болуш болгондой эле мындай  аракеттер адамзатка каршы кылмыштарды да түзөт",- деди.
Фолькер Түрк Газадагы ооруканаларга, саламаттыкты сактоо инфраструктурасына жана медициналык кызматкерлерге жасалган бардык кол салууларды «көз карандысыз, кеңири жана ачык» иликтөөгө чакырды.



Тектеш кабарлар