Япония АКШдан зениттик ракеталарды сатып алат

АКШнын Мамлекеттик департаменти Японияга жаңы курал сатууну жактырды.

2226594
Япония АКШдан зениттик ракеталарды сатып алат

Америка Кошмо Штаттары (АКШ) Японияга 3,64 миллиард долларлык зениттик ракеталарды сатат.

АКШнын Мамлекеттик департаменти Японияга жаңы курал сатууну жактырды.

Буга ылайык, Японияга жалпы баасы 3 миллиард 640 миллион доллар болгон "AIM-120D-3" жана "AIM-120C-8" орто алыстыкка атуучу өнүккөн ракеталар жана ага тиешелүү аскердик техникалар сатылат.

Бул сатуу менен Япониянын учурдагы жана келечектеги коркунучтарга каршы өзүн жана өлкөдө кызмат кылган АКШ кызматкерлерин коргоо мүмкүнчүлүгүн жогорулатууну максат кылынууда.  

 

 



Тектеш кабарлар