БУУнун Коопсуздук кеңешинин жаңы убактылуу мүчөлөрү кызматка киришти

БУУнун Коопсуздук кеңешинин жаңы убактылуу мүчөлөрү үчүн азем өткөрүлдү.

2226559
БУУнун Коопсуздук кеңешинин жаңы убактылуу мүчөлөрү кызматка киришти

Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинде 2025-2026-жылдар үчүн убактылуу мүчө болуп шайланган Сомали, Пакистан, Панама, Греция жана Дания кызматка киришти.

БУУнун Коопсуздук кеңешинин жаңы убактылуу мүчөлөрү үчүн азем өткөрүлдү.

БУУнун Коопсуздук Кеңешинин январь айындагы төрагасы Алжир жана жаңы мүчө өлкөлөрдүн туруктуу өкүлдөрү катышкан аземде БУУнун Коопсуздук кеңешиндеги аянтка жаңы мүчөлөрдүн желектери илинди.

Эквадор, Япония, Мальта, Мозамбик жана Швейцариянын кызмат мөөнөтү аяктагандан кийин июнь айында БУУнун Башкы Ассамблеясында добуш берүү менен шайланган жаңы мүчөлөр расмий түрдө кызматка киришти.

Кытай, Франция, Россия, Улуу Британия жана Америка Кошмо Штаттары (АКШ) туруктуу мүчөлөрү болгон БУУнун Коопсуздук Кеңешинде эки жылдык мөөнөткө шайланган 10 убактылуу мүчө бар. Убактылуу мүчөлөрдүн 5и жыл сайын жаңыланып турат.

Географиялык бөлүштүрүү боюнча өткөрүлгөн шайлоодо Африка тобуна эки, Азия-Тынч океан тобуна бир, Латын Америка жана Кариб тобуна бир жана Чыгыш Европа тобуна бир орун берилди.

БУУнун Коопсуздук кеңешинде убактылуу мүчө болуу үчүн талапкерлер БУУнун Башкы Ассамблеясында добуштардын үчтөн экисин алышы керек. Бул 193 мүчөдөн турган Башкы Ассамблеянын 129 добушуна туура келет.

БУУнун Башкы Ассамблеясында июнь айында өткөрүлгөн добуш берүүдө Сомали 179 добуш, Пакистан 182 добуш, Панама 183 добуш, Греция 182 добуш жана Дания 184 добуш менен 2025-жылдын 1-январынан 2026-жылдын 31-декабрына чейин БУУнун Коопсуздук кеңешинин убактылуу мүчөсү болуу укугуна ээ болгон.  



Тектеш кабарлар