Россия :"Газдын үзгүлтүккө учурашынан АКШ жана колдоочулары жооптуу"

Россия Украина аркылуу Европага орус газын өткөрүүнүн токтотулушунан АКШ жана колдоочуларынын жооптуу экендигин билдирди.

2226368
Россия :"Газдын үзгүлтүккө учурашынан АКШ жана колдоочулары жооптуу"

Россия Украина аркылуу Европага орус газын өткөрүүнүн токтотулушунан АКШ жана колдоочуларынын жооптуу экендигин билдирди.

Тышкы иштер министрлигинин катчысы Мария Захарова 1 -  январда орус газынын Украина аркылуу Европага өткөрүүнүн токтотулгандыгын эске салды. 

Газпромдун келишимден жаралган милдеттерин орундаткандыгына карабастан украиналык жетекчилердин Россиядан Европа өлкөлөрүнүн тургундарына жаратылыш газ өткөрүүнү токтотуу чечимин чыгаргандыгын баса белгилеген Захарова орус энергетикасын өткөрүүнүн үзгүлтүккө учурашынын Европанын экономикалык потенциалын алсыздандыргандыгын жана европалыктардын турмуш стандарттарына тескери таасир тийгизе тургандыгын айтты. 

Энергетика базарынын кайрадан бөлүштүрүлүшүнөн "Украина кризисинин да негизги спонсору АКШнын пайда көргөндүгүн" жактаган Захарова : "Талап тоноочу  стратегияларынын биринчи курмандыгы азыртадан эле Европанын эң чоң экономикасы Германия болду. Германия Түндүк Агым  - 1 жана Түндүк Агым  - 2 жаратылыш газ куурларынын жарылышынан кийин  жаратылыш газды маанилүү өлчөмдө жогорку баалар менен сатып алууга аргасыз болду жана  эң ири өнөр жайларынын айрымдары жабыла баштады",- деди. 

Мурда экономикалык жактан ийгиликтүү жана көз карандысыз болгон Европа Биримдигиндеги башка өлкөлөр эми "АКШнын коргоосу астында болуунун баасын төлөөгө мажбур болорун" белгилеген Мария Захарова : «Орус жаратылыш газын өткөрүүнү токтотуунун жоопкерчилиги толугу менен АКШга, кукла Киев бийлигине жана АКШ экономикасына каржылык колдоо көрсөтүү үчүн өз жарандарынын жыргалчылыгын курмандыкка чалган   Европа өлкөлөрүнүн өкмөттөрүнө жүктөлөт', - деди.  марионеткалык Киев режими жана алардын жарандарынын жыргалчылыгы үчүн АКШ экономикасына каржылык колдоо көрсөтүү.

 



Тектеш кабарлар