Хомстогу коопсуздук операциясы

Кабарда коопсуздук текшерүүлөрү жүргүзүлгөн Вади Зехеп жана Икриме кварталдарындагы жарандардан үйлөрүнөн чыкпоолору талап кылынды.

2226397
Хомстогу коопсуздук операциясы

Сирияда Баас режимин кулаткан Аскердик операциялар командирлиги, Хомс провинциясында куралдарын тапшырбаган эски режимдин аскерлерине каршы «коопсуздук операциясын» баштады.

Аскердик операциялар командирлиги менен Ички иштер министрлигинин топторунун Хомстун кээ бир райондорунда жарашуу чакырыктарын кабыл албаган жана куралдарын тапшырбаган эски режим элементтерине каршы «коопсуздук операциясы» башталганын билдирди.

Кабарда коопсуздук текшерүүлөрү жүргүзүлгөн Вади Зехеп жана Икриме кварталдарындагы жарандардан үйлөрүнөн чыкпоолору талап кылынды.

8-декабрда Баас режиминин кулашынан кийин жалпы мунапыс чыгарган Аскердик операциялар командирлиги, көптөгөн облустарда жарашуу борборлорун ачып, кулатылган режим элементтеринин белгилүү бир убакыт ичинде куралдарын тапшыруусун суранды.

Аскердик операциялар командирлиги буга чейин Тартус жана Латакия облустарында да ушундай масштабдуу операцияларды уюштурган болчу.



Тектеш кабарлар