Черногориядагы кол салуу: 10 киши каза болду
Черногориянын ички иштер министри Данило Саранович маалымат жыйынында кол салган 45 жаштагы Ако Мартинович экенин жана анын Четиньеге караштуу Бажице шаарчасындагы барда ок атуучу курал менен кол салуусунан кеминде 10 кишинин өмүрү кыйылганын айтты.

Черногориянын түштүгүндөгү Четинье шаарында болгон куралдуу кол салууда кеминде 10 киши каза болуп, 4 киши оор жаракат алды.
Черногориянын ички иштер министри Данило Саранович маалымат жыйынында кол салган 45 жаштагы Ако Мартинович экенин жана анын Четиньеге караштуу Бажице шаарчасындагы барда ок атуучу курал менен кол салуусунан кеминде 10 кишинин өмүрү кыйылганын айтты.
Каза болгондордун арасында бардын ээси жана жашы жете элек 2 баласы бар экенин белгилеген Саранович 4 кишинин оор жараланганын айтты.
Окуядан кийин качкан кол салуучуну кармоо үчүн полиция күчтөрүнүн мобилизацияланганын белгилеген Саранович: «Биздин жалгыз максатыбыз кол салган адамды кармоо. Ошол эле учурда Мартинович өзүнүн бир нече жакындарын да өлтүрдү»,-деди.
Жарандарды кол салган киши кармалганга чейин үйдө болууга чакырган Саранович : «Кол салган адам кооптуу жана куралдуу адам, бирок ал торго түшүү алдында турат»,-деп айтты.
Улуттук басма сөздө орун алган кабарда кол салуучунун мурда мыйзамсыз курал сактаганы үчүн кармалганы белгиленди.
Черногориянын президенти Яков Милатович Четиньедеги трагедияга байланыштуу терең тынчсыздануусун билдирип, каза болгондордун жакындарына көңүл айтты.
Черногория өкмөтү кол салуудан улам 3 күндүк улуттук аза күтүү жарыялады.
Аймактык өлкөлөр Сербия, Босния-Герцеговина жана Хорватиянын лидерлери окуядан кийин көңүл айтуу билдирүүсүн жарыялашты.