АКШ Иран жана Орусия менен байланышы бар топторго каршы санкцияларды киргизет
Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик департаменти билдирүү жасады.

Америка Кошмо Штаттары (АКШ) Орусия жана Иран менен байланышы бар айрым инсандарга жана топторго 2024-жылдагы шайлоого катыштыгы бар деген айып менен санкция киргизүү чечимин чыгарганын жарыялады.
Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик департаменти билдирүү жасады.
Билдирүүдө Ирандын Төңкөрүш сакчылары армиясынын «Когнитивдик дизайн өндүрүш борбору» жана Москвада жайгашкан «Геосаясий экспертиза борбору» жана анын жетекчиси Валерий Коровин санкция тизмесине киргизилгени белгиленген.
Билдирмеге караганда сөз болуп жаткан адамдар жана топтор 2024-жылы АКШдагы президенттик шайлоого кийлигишип, шайлоо процессине доо кетирүүгө жана коомдук-саясий чыңалууну жаратууга аракет кылышкан имиш.
Анда Америка Кошмо Штаттары шайлоо процесстерине кийлигишкен «карасанатай оюнчуларды жана иш-аракеттерди» кылдаттык менен көзөмөлдөөнү улантаары белгиленген.