Түштүк Кореяда президент Юн Сук Ёлду камакка алуу ордери берилди
Сот Юнду “массалык баш аламандык” жана “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренелери боюнча кылмыш ишинин алкагында камакка алуу чечимин чыгарган.

Түштүк Кореяда 3-декабрдагы аскердик абалдын жарыяланышына байланыштуу тергөөдө президент Юн Сук Ёлду камакка алуу ордери берилди.
Йонхап агенттигинин маалыматына ылайык, Сеулдун Батыш райондук соту жогорку мартабалуу кызматкерлер тууралуу Коррупцияны иликтөө бюросу (CIO) менен Коопсуздук башкы башкармалыгы жана Коргоо министрлиги биргелешип жүргүзгөн иликтөөнүн алкагында камакка алуу өтүнүчүн кабыл алды.
Сот Юнду “массалык баш аламандык” жана “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренелери боюнча кылмыш ишинин алкагында камакка алуу чечимин чыгарган.
Сот ошондой эле президенттин резиденциясында тинтүү жүргүзүү боюнча тергөөчүлөрдүн өтүнүчүн канааттандырды.
Тергөөчүлөргө буйруктарды аткаруу үчүн бир жума убакыт берилди.
Тергөө жүргүзүп жаткан бийликтер президентти 18, 25 жана 29-декабрда үч жолу көрсөтмө берүүгө чакырышкан, бирок Юндун чакырыктарга жооп бербегендиги белгиленип кечээ соттон аны камакка алууну талап кылышкан.
Юндун адвокаттарынан Юн Гап Ген ЦРУнун “тополоң” деген шек менен тергөө жүргүзүүгө укугу жок экендигин негиз катары көрсөтүп, талапка жооп катары мыйзамдуу чара көрүшөрүн билдирди.
Түштүк Кореянын тарыхында биринчи жолу иштеп жаткан мамлекет башчысын камакка алуу ордери чыкты.
Президент Юн Сук Ёл 3-декабрга караган түнү телекөрсөтүү аркылуу сүйлөгөн сөзүндө "оппозиция мамлекетке каршы аракеттерге катышты" деген жүйө менен аскердик абал жарыялаган бирок парламент добуш берүүсүндө чечимди жокко чыгаргандан кийин Министрлер Кеңешинде бекитилиши менен артка кадам таштады.
Аскердик абалдын жарыяланышы конституцияга каршы келет деген жүйө менен Юнду кызматтан алуу боюнча оппозициялык партиялардын 7-декабрда парламентке берген биринчи сунушу четке кагылып 14-декабрдагы экинчи сунуш кабыл алынган. Парламент тарабынан кызматтан алынышы талап кылынган Юн Конституциялык соттун чечими чыкканга чейин кызматтан убактылуу четтетилип, премьер-министр Хан Дак Су ишенимдүү өкүл болуп дайындалган.
Оппозициянын демилгеси менен 27-декабрда Улуттук Парламентте өткөн добуш берүүдө мамлекет башчысынын милдетин аткарып жаткан премьер-министр Хан үчүн да кызматынан четтетүү чечими кабыл алынган. Хандын ордуна вице-премьер-министр жана финансы министри Чой Санг-мок президенттикке киришти.