БУУ Кемал Адван ооруканасынын директорунун камакка алынышын айыптады

БУУнун Башкы катчысынын орун басары Флоренсия Сото Нино күнүмдүк маалымат жыйынында Газадагы жалпы абал тууралуу маалымат берди.

2225646
БУУ Кемал Адван  ооруканасынын директорунун камакка алынышын айыптады

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Израилдин  Кемал Адван ооруканасынын директору доктор Хусам Абу Сафийенин  камалышына каршылык көрсөттү.

БУУнун Башкы катчысынын орун басары Флоренсия Сото Нино күнүмдүк маалымат жыйынында Газадагы жалпы абал тууралуу маалымат берди.

Нино адамдардын жашоосун камсыздай турган бардык нерселердин кол салууларда жок кылынгандыгына көңүлдөрдү буруп, буга   саламаттыкты сактоо мекемелери жана гуманитардык жардамга жетүүнүн да киргендигин айтты. 

Нино Кемал Адван ооруканасынын азыр колдонулбай калгандыгын, БУУ жана өнөктөштөрүнүн ооруканадан 10 бейтапты эвакуациялаганын, 4 кишинин Израиль тарабынан кармалганын белгиледи.

 Учурда ооруканада 7 бейтап жана 15 кызматкердин бар экенин, бирок медициналык жардам көрсөтүлө албаганын белгилеген Нино оорукананын чоң кыйроого учураганын, суу жана электр энергиясынын жок экендигин айтты.

Флоренсия Сото Нино БУУнун Кемал Адван ооруканасынын директору Абу Сафиянын Израиль тарабынан камалышын айыптадыбы деген суроого: «Биз ар кандай жарандык инфраструктураны жана жарандарды, өзгөчө ооруканаларды бутага алууну айыптайбыз»,-деп жооп берди.
Эбу Сафийенин бошотулушу үчүн аянтта сүйлөшүүлөрдүн улантылып жатканын айткан  Нино : «Эч бир бейкүнөө жаран камоого алынбашы керек»,-деди. 
Нино Эбу Сафийе баш болгон бардык муктаж болгондордун коопсуз жайга жеткирилиши керектигин белгилеп бул үчүн керектүү иштерди аткара тургандарын айтты.



Тектеш кабарлар