Ар бир чеккен тамеки жашооңузду 20 мүнөткө кыскартат

Англиядагы Лондон университетинин колледжинин (UCL) окумуштуулары ар бир чылым чегүү адамдын орточо өмүрүн болжол менен 20 мүнөткө кыскартарын аныкташкан.

2225698
Ар бир чеккен тамеки жашооңузду 20 мүнөткө кыскартат

Ар бир чеккен тамеки адамдын өмүрүн болжол менен 20 мүнөткө кыскартат...

Англиядагы Лондон университетинин колледжинин (UCL) окумуштуулары ар бир чылым чегүү адамдын орточо өмүрүн болжол менен 20 мүнөткө кыскартарын аныкташкан.

The Guardian гезитинин жазганына караганда, UCL изилдөөчүлөрү 1951-жылы башталган Британиянын Доктурлар изилдөөсүнүн жана 1996-жылдан бери аялдардын ден соолугун изилдеп келе жаткан Миллион Аялдардын изилдөөсүнүн акыркы маалыматтарын иликтешти.

Бул маалыматтардын негизинде изилдөөчүлөр ар бир чылым чеккен адамдын өмүрүн болжол менен 20 мүнөткө кыскартаарын аныкташкан. Демек, 20 тамеки камтыган ар бир куту жашоонун узактыгын болжол менен 7 саатка кыскартат.

Изилдөөнүн алкагында изилдөөчүлөр күнүнө 10 тамеки чеккен адам 1-январдан тарта тамекини таштаса, 8-январга чейин өмүрүнүн 1 күнгө кыскарышына тоскоол боло аларын аныкташты.

Ошого жараша бул адам тамеки тартпай турган болсо, 5-февралда өмүрүнүн 1 жумага, 5-августта 1 айга кыскарышынын алдын алат. Бул 1 жылда жашоонун 50 күнгө кыскарышынын алдын алса болот дегенди билдирет.

Изилдөөнүн авторлорунун бири Сара Жексон өз билдирүүсүндө: «Тамекини таштабагандар өмүрүнүн орточо 10 жылын жоготот»,-деди.

Жексон: «Кээ бир адамдар карылык өнөкөт оорулар же майыптар менен коштолот деп ойлоп, алар өмүрүнүн бир нече жылын өткөрүп жиберүүнү чоң маселе деп эсептешпейт. Бирок тамеки чегүү сиздин жашооңуздун зыяндуу мезгилин кыскартпайт. Бул орто курактагы ден соолуктан ажыратат»,-деп айтты.

Изилдөөнүн жыйынтыктары «Journal of Addiction» журналында жарыяланды.



Тектеш кабарлар