Сана аэропортундагы БУУнун кызматкерлери эвакуацияланды

Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюму (ДССУ) Израилдин Сана эл аралык аэропортуна жасаган кол салуусунда жарадар болгон Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) кызматкерлерин ийгиликтүү эвакуациялады.

2224904

ДССУнун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус БУУнун Дүйнөлүк азык  - түлүк программасына (WFP) караштуу БУУнун гуманитардык авиациялык тейлөө боюнча кызматкерлеринин Йеменден эвакуацияланышына байланыштуу Хтен маалымат берди. 

26 -  декабрда Израиль армиясынын Эл аралык Сана аэропортуна жасаган кол салуусунун натыйжасында БУУнун гуманитардык авиациялык тейлөө боюнча кызматкерлерин ийгиликтүү эвакуациялагандарын белгилеген Гебрейесус Иорданияга баргандарын жана жаралуулардын бул жерде дагы жакшы дарыланарын билдирди.

Гебрейесус : "Жарандарга жана гуманитардык жардам кызматкерлерине карата кол салуулар бардык жерде токтотулушу керек",- деди. 

Тектеш кабарлар